Европа өлкөлөрүнөн Түркияга карата турак жай инвестициясы өстү

Анталия менен бирге Мерсин жана Ялова чет элдик инвесторлордун кызыгуусун тартты.

1623240
Европа өлкөлөрүнөн  Түркияга карата турак жай инвестициясы өстү

Европа өлкөлөрүнөн Түркияга карата кыймылсыз мүлк инвестициясы Ковид- 19 эпидемиологиялыкмезгилде өстү.

Inhouse Globalдын башкаруу кеңешинин төрагасы ФатихЭргүвен берген жазуу түрүндөгү маалыматында март айында чет элдиктерге турак жай сатуунун өткөн жылдын ушул эле айына караганда 39, 9 пайызга өсүп 4 248 болгондугун белгиледи.

Турак жайлардын көбүнчө Стамбул жана Анталияда сатылгандгын белгилеген Эргүвен, АКШдан, Германиядан жана Англиядан келген инвесторлордун кыймылсыз мүлк сатып алуусунда өсүш болгонун баса белгиледи.

«Европанын Түркияга болгон кызыгуусу эпидемия менен бирге өстү»,- деген Эргүвен : «Өзгөчө Европадан сатып алуулар өлкөбүздө жашоо үчүн келген инвесторлордон турат»,- деп билдирди. Эргүвен Анталия менен бирге Мерсин жана Ялованын чет элдик инвесторлордун кызыгуусун тарткандыгын айтты.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар