Түркиядан 90 өлкөгө 40 миллион доллардык томат пастасы экспорттолду

Жылдын 3 айында томат пастасын экспорттоо 40 миллион 141 миң долларды түздү.

1619009
Түркиядан 90 өлкөгө 40 миллион доллардык томат пастасы экспорттолду

Түркия, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 90 өлкөгө экспорттолгон томат пастасынан  40 миллион доллар валюта киреше камсыз кылды.

Эгей экспорттоочулар ассоциациясынын маалыматтарына ылайык, Түркия, 2021-жылдын январь-февраль-март айларында 90 өлкөгө томат пастасын сатты.

Жылдын 3 айында томат пастасын экспорттоо 40 миллион 141 миң долларды түздү.

Томат пастасынын экспорту боюнча Ирак 25 миллион 613 миң доллар менен биринчи орунду ээледи.

Бул өлкөдөн кийин 2,5 миллион доллар менен Германия, 1,9 миллион доллар менен Жапония кийинки орунду ээледи.

Экспорттун эң жогорку өсүшү Италияга болгон.

Бул өлкөгө экспорт 95 миң доллардан 1 миллион 664 миң долларга чейин көбөйгөн.



Тектеш кабарлар