Март айындагы экспорттун көрсөткүчтөрү

Түркиянын экспорту март айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 42,2 пайызга өсүп 18 миллиард 985 миллион 472 миң долларга жетти.

1616621
Март айындагы экспорттун көрсөткүчтөрү

Түркия, өткөн айда эң жогорку экспорттук өсүштү Италияга, эң көп экспорттоону болсо Германияга ишке ашырды.

Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын (TIM) маалыматтарына караганда, Түркиянын экспорту март айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 42,2 пайызга өсүп 18 миллиард 985 миллион 472 миң долларга жетти.

Түркия, бул мезгилде эң жогорку экспорттук өсүштү Италияга ишке ашырды.

Италияга март айында экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 421 миллион 675 миң долларга көбөйүп 928 миллион 827 миң долларга жетти.

Италиядан кийин Америка Кошмо Штаттары, Германия, Ирак жана Франция турат.

Түркия март айында эң көп экспорттоону Германияда ишке ашырды.

Германиядан кийин АКШ, Британия, Италия жана Испания ээледи.



Тектеш кабарлар