Британиянын падышасы Эдуард VIII үчүн басылып чыккан монета рекорддук баага сатылды

Монетанын ушул кезге чейин сатылган эң кымбат британ монетасы экени белгиленди.

1611279
Британиянын падышасы Эдуард VIII үчүн басылып чыккан монета рекорддук баага сатылды

Сүйүүсү үчүн тактысынан баш тарткан Британиянын падышасы Эдуард VIIIнин атынан басылып чыккан жана дүйнөдө алардын үчөө гана болгон 5 фунттук алтын монета рекорддук баага сатылды.

Sputnikтин маалыматына караганда, 1.65 миллион фунт стерлингге бааланган алтын монетаны АКШда Далластагы Heritage Auctions аукционунун коллекционери сатып алды.

Монетанын ушул кезге чейин сатылган эң кымбат британ монетасы экени белгиленди.

Мурунку рекорддун болсо октябрь айында Монакодо сатылган 1831-жылы падыша Уильям IVнин атынан басылып чыккан 5 фунттук алтын монета экени билдирилди.

Британиянын падышасы Эдуард VIII, 1936-жылы америкалык Уоллис Симпсон менен баш кошуу үчүн тактан баш тарткан болчу.

Бул чечимден кийин ханыша Елизавета IIнин атасы жана андан кийин өзүнө тактыга жол ачылган болду.



Тектеш кабарлар