Экономикалык реформалардын календары белгиленди

Казына жана каржы министри Лүтфи Элван өзүнүн Твиттердеги эсебинен бул тууралуу маалымат бөлүштү.

1607373
Экономикалык реформалардын календары белгиленди

12-мартта президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан жарыяланган, экономиканы инвестиция, өндүрүш, жумуш менен камсыз кылуу жана экспорттун негизинде өнүктүрүүгө багытталган Экономикалык реформалар боюнча иш-аракеттер планынын календары жана тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жол картасы жарыяланды.

Казына жана каржы министри Лүтфи Элван өзүнүн Твиттердеги эсебиндеги билдирүүсүндө, «Экономикалык реформаларыбыздын календарын бүтүрдүк. Биздин министрликтин сайтынан алсаңыз болот. Пайдалуу болсун»,-деди.

Иш-чаралар планы; Мамлекеттик каржы, баалардын туруктуулугу, каржы сектору, учурдагы эсеп таңсыктыгы, жумуш менен камсыз кылуу, корпоративдик башкаруу, инвестицияларды илгерилетүү, ички сооданы жөнөкөйлөтүү, атаандаштык, рынокту көзөмөлдөө жана текшерүү болуп 10 темадагы негизги иш-чаралардан турат.

Календарга ылайык, 850 миң соодагерге салыктан бошотуу мыйзамы боюнча иш жыл аягына чейин бүтөт.

Мамлекеттик сектордо унаа сатып алууга чыгымдарды чектөө боюнча жобо 30-июнга чейин жүргүзүлөт.

Жеке Пенсиялык Система боюнча 18 жашка чейинкилерди камтыган изилдөө дагы аяктайт.

Ошондой эле Баа туруктуулугу боюнча комитет 30-июнга чейин түзүлөт.

Борбордук банк жылдын аягына чейин санарип акчанын экономикалык, технологиялык жана укуктук инфраструктурасын куруп бүтөт.

Аталган календарга ылайык, Экономикалык реформалар пакетиндеги бардык иш-аракеттер 2023-жылдын март айына чейин бүткөрүлөт.

 



Тектеш кабарлар