Британиялык сүрөтчүнүн картинасы 62 миллион долларга сатылды

Аукциондон түшкөн каражаттын балдарга байланыштуу кайрымдуулук уюмдарына жумшалаары белгилүү болду.

1607756
Британиялык сүрөтчүнүн картинасы 62 миллион долларга сатылды

Британиялык сүрөтчү Сача Жафринин «Дүйнөдөгү эң ири холст сүрөт» деп сыпатталган "Адамзаттын саякаты" аттуу эмгеги Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Дубай шаарында 62 миллион долларга сатылды.

Аукциондон түшкөн каражаттын балдарга байланыштуу кайрымдуулук уюмдарына жумшалаары билдирилди.

6 теннис аянтчасынын көлөмүндөй 1 580 чарчы метрге жайылган «Адамзаттын саякаты» аттуу сүрөттү түзгөн 70 бөлүктүн бардыгын Дубайда жашаган Франциянын жараны Андре Абдун сатып алды.

Гиннесстин рекорддор китебинде "эң ири холст сүрөт" деп ырасталган эмгектин автору Жафринин мурунку чыгармаларын сатып алгандардын арасында Эва Лонгория, Пол Маккартни жана Барак Обама сыяктуу ысымдар бар.



Тектеш кабарлар