Пакдемирли: «Түркия айыл чарба түшүмүн жыйноо жаатында Европада биринчи орунда турат»

Министр Пакдемирли Эрзурумда билдирүү жасады.

1600691
Пакдемирли: «Түркия айыл чарба түшүмүн жыйноо жаатында Европада биринчи орунда турат»

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, Түркиянын айыл чарба түшүмүн жыйноо жаатында Европада биринчи болгонун жана муну мындан ары дагы көтөрүүнү максат кылгандарын айтты.

Министр Пакдемирли Эрзурумда билдирүү жасады.

Пакдемирли кургакчылыкка дагы, жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына дагы карабастан, Түркиянын айыл чарба тармагы өсүүсүн жоготпогонун айтты.

Президенттик өкмөт башкаруу системасы менен бирге айыл чарбасына болгон колдоо өскөнүнө көңүл бурган Пакдемирли, өсүү темпинин жылдарга салыштырылганда 65 пайызга жеткенин айтты.

Экспорт жаатында Түркия тарыхынын рекордун жаңыртканын жана эң жогорку балл алгандарын эске салган Пакдемирли: «Түркия айыл чарба түшүмүн жыйноо жаатында Европада биринчи, дүйнөдө 10-орунда турат»,-деди.



Тектеш кабарлар