Түркия Париж келишиминдеги позициясынын адилеттүү түрдө аныкталуусун каалайт

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Алпарслан "Түркия 2021: Энергетикалык саясаттына баа берүү" отчетунун таанытуу жыйынында сөз сүйлөдү.

1599451
Түркия Париж келишиминдеги позициясынын адилеттүү түрдө аныкталуусун каалайт

Түркия Париж келишиминдеги позициясынын өнүккөн өлкө катары адилеттүү түрдө идентификацияланышын талап кылды.

Эл аралык Энергетика Агенттиги (IEA) "Түркия 2021: Энергетикалык саясаттына баа берүү" аттуу отчетунун онлайн өткөрүлгөн таанытуу жыйынында сөз сүйлөгөн энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Алпарслан Байрактар, Түркиянын акыркы жылдарда энергетика тармагын өзгөртүү жана суроо-талап коопсуздугун камсыз кылуу максатында көптөгөн кадамдарды таштагандыгын айтты.

Министр Байрактар, жаңылануучу энергиядагы күчү менен Түркиянын Европада 6-орунду ээлеп, дүйнөдө 13-орунда тургандыгын билдирди.

Түркиянын энергетикалык рынокторун таза жана жашыл системаларга айландыруу үчүн көптөгөн кадамдарды жасагандыгына көңүл бурган Байрактар: «Түркия азырынча Париж келишимин ратификациялай элек. Биз Париж келишиминдеги Түркиянын позициясынын өнүккөн өлкө катары адилеттүү түрдө аныкталуусун каалайбыз. Түркия климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштөгү глобалдык аракеттерге салым кошууга чечкиндүү»,-деди.



Тектеш кабарлар