Орустардын Түркияда эс алууга болгон суроо-талабы артты

Чектөөлөрдүн жарым-жартылай алынып салынышынын россиялык туристтердин Түркияда эс алуу талабына оң чагылгандыгы белгиленди.

1595101
Орустардын Түркияда эс алууга болгон суроо-талабы артты

Түркияда коронавируска (Ковид-19) каршы күрөштүн алкагындагы айрым чектөөлөрдүн алынып салынышы, орустардын Түркияда эс алуу талаптарын арттырды.

Россиянын Туроператорлор Ассоциациясы (ATR) өз билдирүүсүндө, Түркиянын туристтик аймактарында кафе жана ресторандардын бир нече күн мурун ачылгандыгын жана дем алыш күндөрү киргизилген чектөөлөрдүн жарым-жартылай жокко чыгарылгандыгын маалымдады.

Чектөөлөрдүн жарым-жартылай алынып салынышынын россиялык туристтердин Түркияда эс алуу талабына оң чагылгандыгы белгиленген билдирүүдө: «Бул тармактын жетекчилери, чектөөлөрдүн жарым-жартылай алынып салынышынын тур сатууларына оң таасирин тийгизип жаткандыгын билдиришти», - делди.

Түркияга болгон суроо-талаптын, жаз-жай мезгили үчүн оң тенденцияда арткандыгы маалымдалган билдирүүдө, жайында Түркияга келүүлөрдө Ковид-19 тесттинин зарылдыгы алынып салынган учурда туристтик агымдын көбөйө турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар