Экспорттун көлөмүндө рекорд жаңыланды

Түркиянын экономикасы өсүүдө.

1593524
Экспорттун көлөмүндө рекорд жаңыланды

Соода министри Рухсар Пекжан, февраль айындагы экспорттун көлөмүндө бардык мезгилдердин рекорду жаңыланганын айтты.

Пекжан, Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TİM) төрагасы Исмаил Гүлле жана 8-март Эл аралык аялдар күнүнөн улам (TİM)  Аялдар Кеңешинин мүчөлөрү катышкан маалымат жыйынында февраль айындагы экспорттук көрсөткүчтөрдү жарыялады.

Пекжан февраль айында экспорттун көлөмү 9,6 пайызга өсүп 16 миллиард 12 миллион долларга жеткенин белгилеп: «Ушундайча биз экспорттун бардык мезгилдериндеги эң жогорку көрсөткүчүнө жетиштик»,-деди.

Коронавирустун (Ковид-19) себебинен глобалдык экономикада былтыр оор өткөн бир жылга карабастан, Түркиянын экономикасынын натыйжалуу чаралардын негизинде берки экономикалардан позитивдүү айырмаланганын айткан Пекжан, Түркиянын G-20нын ичинде Кытай менен позитивдүү өсүп келе жаткан эки өлкөнүн бири экенине көңүл бурду.

Рухсар Пекжан жылдын алгачкы эки айында экспорттун импортко болгон катышы 79,5 пайыздан 82,9 пайызга жогорулагандыгын билдирди.

Пекжан, алтынды эсепке албаганда экспорттун импортко болгон катышынын февраль айында 86,4 пайыз, январь-февраль мезгилинде 86,8 пайыз болгонун белгиледи.

Министр Пекжан: «Февраль айында импорт, 2020-жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 9,8 пайызга көбөйүп 19 миллиард 372 миллион долларга жетти. Алгачкы 2 айда тышкы соода тартыштыгы 15,3 пайызга төмөндөдү»,-деди.



Тектеш кабарлар