Түркиядан 23 өлкөгө Кара деңиз лососу сатылды

Жылдын биринчи айында Түркиядан 23 өлкөгө 3 980 тонна Кара деңиз лососу сатылды.

1589941
Түркиядан 23 өлкөгө Кара деңиз лососу сатылды

Жылдын биринчи айында Түркиядан 23 өлкөгө 3 980 тонна Кара деңиз лососу сатылды.

Чыгыш Кара деңиз экспорт биримдигинен берилген маалыматка караганда 2020 -жылдын январь айында 2 127 тонна Кара деңиз лососу экспорттолуп11 миллион 454 937 доллар киреше кирген болсо бул жылдын биринчи айында көлөмү жактан 87 пайызга, наркы жактан 73 пайызга өсүү болду. Экспорттон алынган киреше 19 миллион 811 819 доллар болду.

Россия, Германия жана Вьетнам эң көп экспорт жасалган өлкөлөр болду.

Жылдын биринчи айында Россияга 11 миллион 685 150 долларлык 2 443 тонна Кара деңиз лососу экспорттолду. Россиядан кийин 5миллион 148 575 доллар менен Германия, 1 миллион 151 726 доллар менен Вьетнам келди.

Өткөн жылдын биринчи айынан айырмаланып Белорусия, Азербайжан-Нахчиван, Израиль жана Иорданияга да Кара деңиз лососу сатылды.

 

 

 



Тектеш кабарлар