Түркия былтыр 75 өлкөгө анар экспорттоду

Анардын экспортунда Россия Федерациясы 2020-жылы да биринчи орунду ээледи.

1589793
Түркия былтыр 75 өлкөгө анар экспорттоду

Түркия былтыр 75 өлкөгө анар сатты.

Эгей экспортчулар бирикмесинин билдирүүсүнө караганда, анардын экспорту өткөн жылы мурунку жылга салыштырмалуу 29 пайызга көбөйүп, 126 миллион 54 миң долларлык киреше түштү.

Көлөмү жагынан да анардын экспорту 2019-жылга салыштырмалуу 23 пайыздык өсүү менен 155 миң 714 тоннадан 192 миң 6 тоннага жетти.

Анардын экспортунда Россия Федерациясы 2020-жылы да мурунку жылдардагыдай эле 44,5 миллион доллар менен биринчи орунду ээледи.

Германия 15,2 миллион доллар менен экинчи орунда турат.

Түркиянын жашылча-жемиш секторунун салттуу экспорттук рынокторунун бири болгон Иракка 2020-жылы 12,8 миллион долларлык анар экспорттолду.

Түркиядан 2020-жылы анар экспорттолгон өлкөлөрдүн арасына Украина, Улуу Британия, Португалия, Бруней, Кот-д'Ивуар, Жибути, Нигерия, Того жана Мавритания кошулду.



Тектеш кабарлар