Түрк чайынын экспортунан 2021-жылдын биринчи айында 1,6 миллион долларлык киреше түштү

Быйыл Кыргызстанга да чай жөнөтүлдү.

1580208
Түрк чайынын экспортунан 2021-жылдын биринчи айында 1,6 миллион долларлык киреше түштү

Январь айында Түркиядан 60 өлкөгө 392 тонна чай экспорттолуп, андан 1 миллион 643 миң 128 долларлык киреше түштү.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин маалыматына караганда, январь айында Түркиядан 60 өлкөгө 392 тонна чай экспорттолду.

Аталган экспорттон 1 миллион 643 миң 128 долларлык киреше түштү.

Бельгия, Германия жана Израиль эң көп чай экспорттолгон өлкөлөр болду.

Түркиядан жылдын биринчи айында Бельгияга 809 миң 688 доллар, Германияга 125 миң 440 доллар жана Израилге 102 миң 293 долларлык чай сатылды.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде экспорт жасалбаган Израиль, Швеция, Ливан, Румыния, Уганда, Дания, Кувейт, Алжир, Япония, Кыргызстан, Габон, Монголия, Жаңы Зеландия, Либерия, Бахрейн, Марокко, Малайзия, Гана, Испания жана Малиге да бул мезгилде чай жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар