Түркия 60 өлкөгө апельсин экспорттоду

2020-жылы 60ка жакын өлкөгө апельсин жөнөтүлдү.

1576536
Түркия 60 өлкөгө апельсин экспорттоду

Түркиянын апельсин экспорту 2020-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 41 пайызга өсүп 129 миллион долларга жетти.

Эгей экспортчулар ассоциациясынан алынган маалыматка караганда, 2019-жылы Түркиянын апельсин экспорту 91 миллион 492 миң долларды түздү.

Өткөн сезондо экспорттун көлөмү, Ковид-19 пандемиясы учурундагы суроо-талаптан улам нарктык негизде өстү.

2020-жылы 60ка жакын өлкөгө апельсин жөнөтүлдү.

Апельсиндин экспорту боюнча Орусия 63 миллион 482 миң доллар менен биринчи орунду ээледи.

Бул өлкөдөн кийин 19 миллион 111 миң доллар менен Ирак, 15 миллион 314 миң доллар менен Украина турат.



Тектеш кабарлар