Түркиядан Кытайга кургатылган мөмө-жемиштин экспорту өстү
Кургатылган мөмө-жемиштин экспортунун 2020-жылы 21 пайызга көбөйүп 28 миллион долларга жеткендиги билдирилди.
1567414
Түркиядан Кытайга кургатылган мөмө-жемиштин экспорту 21 пайызга көбөйүп 28 миллион долларга жетти.
Эгей кургатылган мөмө-жемиш жана азыктарын экспорттоочулар ассоциациясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Бирол Желеп жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кургатылган мөмө-жемиш секторунун 2019-жылдагы экспорт көлөмүнүн 1,4 миллиард доллардан ашканын айтты.
Өткөн жылды болжол менен 1,4 миллиард долларлык экспорт менен жапкандыктарын белгилеген Желеп, азык-түлүккө суроо-талап өсүп жаткан Ыраакы Чыгыш үчүн жарнамалык иш-аракеттерге өзгөчө маани беришкендигин айтты.
Желеп, Түркиядан Кытайга кургатылган мөмө-жемиштин экспортунун 2020-жылы 21 пайызга көбөйүп 28 миллион долларга жеткенин билдирди.