Түркиядан 100 өлкөгө мисте экспорттолду

Түркия мистенин экспортунан 119 миллион 167 миң долларлык киреше тапты.

1564302
Түркиядан 100 өлкөгө мисте экспорттолду

2020-жылы Түркиядан 100 өлкөгө мисте экспорттолуп андан 119 миллион 167 миң долларлык киреше түштү.

Түштүк-Чыгыш Анадолу Экспортчулар Ассоциацияларынын маалыматтарына караганда, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Англия, Австралия, Мальдив аралдары, Кытай, Белоруссия, Руанда, Нидерландия, Украина, Португалия, Ирландия, Индия жана Япония да арасында болгон 100 өлкөгө былтыр 10 миң 875 тонна мисте экспорттолду.

Мистенин экспорту боюнча биринчи орунда турган Германияга тышкы сатуу мурунку жылга салыштырмалуу 63 пайызга өсүп 2 миң 64 тоннага жетти.

Бул өлкөдөн кийин 1925 тонна менен Кытай Эл Республикасы жана 1183 тонна менен Италия турат.



Тектеш кабарлар