Түркия менен Венесуэланын карым-катнаштары 2016-жылдан кийин абдан жакшырган

Арреаза, шайлоону көзөмөлдөө үчүн Венесуэлага барган Анкара Университетинин Латын Америкасын изилдөө жана колдонуу борборунун (LAMER) мүдүрү, проф. Д-р. Мехмет Нежати Кутлунун суроолоруна жооп берди.

1540325
Түркия менен Венесуэланын карым-катнаштары 2016-жылдан кийин абдан жакшырган

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза, Түркияда 2016-жылдагы Фетуллахчы террордук уюмунун төңкөрүш аракети болгондон кийин өлкөсүнүн Түркия менен жакшы мамилесинин абдан жакшырганын айтты.

Арреаза, бүгүн өз өлкөсүндө өткөн парламенттик шайлоонун алдында, шайлоону көзөмөлдөө үчүн Венесуэлага барган Анкара Университетинин Латын Америкасын изилдөө жана колдонуу борборунун (LAMER) мүдүрү, проф. Д-р. Мехмет Нежати Кутлунун суроолоруна жооп берди.

Түркия менен ар дайым жакшы мамиледе болгондорун айткан Арреаза, «Түркия менен болгон жакшы мамилебиз 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин абдан жакшы деңгээлге жетти»,- деди.

Арреаза президент Николас Мадуронун 15-июлдагы төңкөрүш аракетин айыптаган лидерлердин бири болгонуна көңүл бурду.

Башка жагынан алганда, Түрк аба жолдорунун (THY) соода-экономикалык карым-катнаштарындагы учуулары пайда алып келүүдө, бирок соода мамилелери азырынча жетиштүү деңгээлде эместигин айткан Арреаза, Түркия жана Венесуэланын экономикасынын бири-бирин толуктап турган потенциал экендигин баса белгиледи.

Түркиянын менен бирдикте көптөгөн бизнес өткөрүлөрүн баса белгилеген Арреаза: «Жакынкы жылдары биз Түркия менен соода тармагында мыкты көрсөткүчкө жеткенибизди көрөбүз жана тыгыз маданий алака түзөбүз деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар