Варанк: «4 вакцина талапкеринин клиникалык сыноо баскычына өтүшү үчүн аракет кылуудабыз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент), Пландоо жана бюджет комиссиясында, Өнөр жай жана технология министрлигинин 2021-жылдын бюджети боюнча сүйлөшүүлөр болду.

1528746
Варанк: «4 вакцина талапкеринин клиникалык сыноо баскычына өтүшү үчүн аракет кылуудабыз»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркияда коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы өнүктүрүлгөн  жана жаныбарларга жасалган сыноолорун ийгиликтүү аяктаган 4 вакцина талапкеринин эң кыска убакта клиникалык сыноо баскычына өтүшү үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент), Пландоо жана бюджет комиссиясында, Өнөр жай жана технология министрлигинин 2021-жылдын бюджети боюнча сүйлөшүүлөрдө сөз сүйлөгөн  Варанк: «Биз жаныбарларга сыноолорун ийгиликтүү аяктаган 4 вакцина талапкерлерибиздин клиникалык сыноо этабына тезирээк өтүшүнө аракет кылуудабыз. Ковид-19 дарылоосунда кеңири колдонулуучу Фавипиравир дары-дармегинин активдүү ингредиенти университеттин индустриясы менен биргеликте атамекендик жана улуттук түрдө синтезделди. Азыр ал биздин бейтаптарга шыпаа берүүдө»,-деп айтты.

Министр Варанк: «Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңешинин (TUBITAK) Ковид-19 платформасындагы биздин илимпоздор, Рибавирин молекуласынын оорунун дарыланышында таасирдүү болгонун жаныбарларга сыноолорунда далилдешти. Бул молекула тууралуу 3-фазадагы клиникалык сыноолорду жүргүзүү үчүн Түркиянын фармацевтика жана медициналык шаймандар агенттигине (TİTCK) кайырлуу жасалды. Ошондой эле биздин илимпоздор табийгыйына окшош Гриффитсин молекуласынын инфекциянын алдын алып, оорулуу адамдардагы чачырандыны азайтуучу таасирге ээ экендигин клиникага чейинки экспериментттерде далилдешти»,- деди.

Министр Варанк, импорттолгон N-95 жана N-99 маска чыпкаларын TÜBİTAK Мармара изилдөө борборунда жергиликтүү деңгээлде иштеп чыгышканын жана бул тармакка лицензия алышкандыгын айтты.



Тектеш кабарлар