Албайрак экономикага баа берди
Министр Албайрак Твиттердеги аккаунтунан бөлүшүүсүндө экономикадагы акыркы абалдарга баа берди.
1520505
Казына жана каржы министри Берат Албайрак, «Биз экономикалык трансформация саякатында ишенимдүү алга кадам шилтеп жатабыз»,-деди.
Министр Албайрак Твиттердеги аккаунтунан бөлүшүүсүндө экономикадагы акыркы абалдарга баа берди.
Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) чейин, февраль айында кардар инфляциясы 12,37 пайыз деңгээлинде болгонун эске салган Албайрак: «Пандемиялык эффект жараткан чыгымдардын кысымына карабастан, инфляция дагы деле болсо ушул деңгээлден төмөн бойдон калууда. Биздин максатыбыз - 2021-жылы инфляцияны бир орундуу санга түшүрүү. Биз экономикабызды трансформациялоо сапарыбызда көбүрөөк өндүрүштү жана жумуш менен камсыз кылууну жана экспорттоону көбөйтүү максатында алдыга карай ишенимдүү кадамдарды таштап жатабыз».