Экономикалык ишеним индекси сентябрь айында өстү

Экономикалык ишеним индекси сентябрь айында айлык базада 3,1 пайызга өсүп 88, 5ке жеткен.

1499341
Экономикалык ишеним индекси сентябрь айында өстү

Экономикалык ишеним индекси сентябрь айында айлык базада 3,1 пайызга өсүп 88, 5ке жеткен.

Түркия статистика мекемеси ТҮИК сентябрь айына байланыштуу экономикалык ишеним индексинин маалыматтарын билдирди.

Индекс бул айда август айына караганда 3,1 пайызга жогорулап, 88,5ке жетти. Экономикалык ишеним индексинин өсүшү керектөө, реалдуу сектор (кайра иштетүү өнөр жайы) жана тейлөө чөйрөсүнүн ишеним индекстеринин жогорулашынан келип чыккан.

Сентябрь айында керектөөчүлөрдүн ишеним индекси 3,2 пайызга, ал эми реалдуу сектордун ишеним индекси 0,5 пайызга өсүп, 105,7ге, ал эми кызмат көрсөтүү секторунун ишеним индекси 6,4 пайызга жогорулап, 74,9 пайызды түздү.



Тектеш кабарлар