АКШ Түркия менен соода көлөмүн арттырууну каалайт

АКШнын Соода министри Вилбур Росс, өз сөзүндө 1700 америкалык компаниянын Түркияда иштеп жаткандыгын, булардын 60 пайызынын аймактык борборунун Түркияда экендигин айтты.

1495924
АКШ Түркия менен соода көлөмүн арттырууну каалайт

АКШнын Соода министри Вилбур Росс: « Президент Дональд Трамп жана президент Режеп Таййип Эрдоган эки тараптуу мамилелерди чыңдоо көз карашын бөлүшүүдө жана өлкөлөрүбүз биздин соода көлөмүбүздү 100 миллиард долларга чейин жеткирүү максатыбыз үчүн иштеп жатышат»,- деди.

Вилбур Росс, АКШнын Түркияга жасаган суюлтулган жаратылыш газ (LNG) экспортунун  эки өлкөнүн соода көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүү максатында «негизги ролду» ойношу мүмкүн экендигин айтты.

Росс, тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEIK), Түркия жана АКШ Ишкерлер Кеңеши (TAIK) менен АКШнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган 38-Түрк-Америка конференциясына видео конференция ыкмасы менен кошулду.

Америкалык министр, өз сөзүндө 1700 америкалык компаниянын Түркияда иштеп жаткандыгын, булардын 60 пайызынын аймактык борборунун Түркияда экендигин айтты.

Америкалык компаниялардын 78 миң түрк жумушчусун иш менен камсыздаганына көңүл бурган Росс, АКШнын Түркиядан импорту мурунку жылга салыштырмалуу 3 пайызга жогорулап 10,6 миллиард долларга жеткенин айтты.

Түркия менен АКШнын ортосундагы соода көлөмү максатына токтолгон Росс: «Президент Трамп жана Президент Эрдоган, АКШ жана Түркиянын өз ара карым-катнаштарын чыңдоо көз караштарын бөлүшүүдө жана өлкөлөрүбүздүн эки тараптуу соода көлөмүн 100 миллиард долларга чейин жеткирүү максатыбыз үчүн иштеп жатышат»,-деди.

Министр Росс: «Биз кийинки жылдары экономикалык жана соода мамилелерибизди тереңдетүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар