Түркияда турай жай соодасы өсүүдө

Чет элдиктерге сатылган үйлөрдүн саны болсо август айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 8 пайызга көбөйүп 3 миң 893тү түздү.

1491118
Түркияда турай жай соодасы өсүүдө

Түркияда турак жай сатуунун көлөмү август айында жылдык негизде 54,2 пайызга өсүп 170 миң 408ге жетти.

Түркиянын статистикалык мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, турак жай соодасында Стамбул 30 миң 292 үй менен (17,8 пайыз) биринчи орунду ээледи. Андан кийин 17 миң 131 үй менен (10,1 пайыз) Анкара, 11 миң 145 үй менен (6,5 пайыз) Измир турат.

Чет элдиктерге сатылган үйлөрдүн саны болсо август айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 8 пайызга көбөйүп 3 миң 893тү түздү.

Бул тармакта 1648 үй менен Стамбул биринчи, андан кийин Анталья (784), Анкара (288), Мерсин (148) жана 133 үй менен Ялова турат.

Август айында Түркиядан Иран жарандары 640, Ирак жарандары 592, Россия жарандары 366, Афганистан жарандары 156 жана Азербайжандын жарандары 154 үй сатып алышты.

Январь-август мезгилинде болсо турак жай соодасы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 42,6 пайызга көбөйүп 1 миллион 24 миң 534 болду.



Тектеш кабарлар