Кара деңизден эки айга чейин жаңы кабар келиши мүмкүн

Министр Фатих Дөнмез маалымат берди.

1480070
Кара деңизден эки айга чейин жаңы кабар келиши мүмкүн

Энергия жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, Кара деңизде табылган жаратылыш газынын кору жөнүндө: «Изилдөө жүргүзүлгөн аймактын астындагы катмарлардан да биз жаңы ачылыштарды жасай алабыз. 2 айга чейин жаңы жакшы кабар келиши мүмкүн»,- деди.

Дөнмез, бир телеканалдын эфиринде Түркиянын 14 ай мурун сейсмикалык иштери башталганын эске салып, 320 миллиард куб метрден ашык запас бар экенин, ушундайча резервди кайра карап чыгуунун жогору көтөрүлө турганын айтты.

Дөнмез, Түркия мунайзаттарынын (TP) жакын аймактагы мунай жана газ тармактарында өнөктөштүктөрү бар компания экенине көңүл буруп: «Россиянын ар кайсы жерлеринде, Иракта жана Ооганстанда мунай кендерибиз бар. Ушул мааниде TP өзүнүн аймагында олуттуу оюнчу болуп калды. Биздин максатыбыз - аны дүйнөлүк масштабга көтөрүү. Биз 2020-жылы деңиздеги ачылыштардын катарында биринчибиз»,-деп айтты.

Министр Дөнмез Кара деңизде казылган кудуктарда өндүрүштүн баштала тургандыгын жана жаратылыш газын колдонуу 2023-жылга жетише турганын айтты.

Дөнмез 8 миң чарчы километрдик Туна-1 кудугунун төрттөн бир бөлүгүнүн гана изилденгенин жана ушуга окшогон изилдөөлөрдө жаңы ачылыштардын болушу мүмкүн экенин айтты.



Тектеш кабарлар