Ковид-19 Түркияда ыкчам көзөмөлгө алынды
Дүйнөлүк банктын Түркияга карата Экономикалык күтүүлөр отчету.
Дүйнөлүк банк, Түркиянын жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) жайылуусун башка өлкөлөргө салыштырмалуу тезирээк көзөмөлгө алгандыгын билдирди.
Дүйнөлүк банк Түркия Экономикалык күтүүлөр отчетунун 2020-жылдын август айындагы санын «Парустарды жөнгө салуу» деген аталышта жарыялады.
Учурдагы экономикалык абалга баа берилген жана Түркиядагы экономикалык күтүүлөргө талдоо жүргүзүлгөн отчетто: «Ковид-19ду жуктургандардын саны башталышта чукул көбөйгөнүнө карабастан Түркиянын башка өлкөлөргө салыштырмалуу вирустун жайылышын жана терс таасирлерин тезирээк көзөмөлгө алгандыгы көрүнүүдө»,- деп баа берилди.
Дүйнөлүк банктын Түркиядагы өкүлү Аугусте Куаме да буга байланыштуу билдирүүсүндө: «Пандемияга каршы ыкчам жана ар тараптуу чара көрүү саясаты пандемиянын эң жаман кесепеттерин жумшартууга жардам берди жана эрте калыбына келүүнүн пайдубалын түптөдү»,-деп айтты.