Түркияда экспорттун көлөмү өсүүдө

Июнь айына карата тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1463793
Түркияда экспорттун көлөмү өсүүдө

Түркиянын экспорту июнь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 15,7 пайыз өсүп 13 миллиард 462 миллион доллар болду.

Түркиянын статистика мекемеси менен Соода  министрлигинин кызматташуусунда түзүлгөн июнь айына карата убактылуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга караганда, Жалпы соода тутумунун алкагында экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 15,7 пайызга көбөйүп 13 миллиард 462 миллион долларга жетти.

Ал эми тышкы соода тартыштыгы июнь айында 17 пайызга төмөндөп, 2 миллиард 846 миллион долларга түштү.



Тектеш кабарлар