Аясофия үчүн атайын эстелик монеталары чыгарылды

Бул тууралуу казына жана каржы министри Берат Албайрак билдирди.

1461177
Аясофия үчүн атайын эстелик монеталары чыгарылды

Аясофия мечитинин кайрадан ибадатка ачылышына карата атайын акча жана эстелик монеталары чыгарылды.

Казына жана каржы министрлигине караштуу Дарпхане (акча басылып чыккан жер) жана мөөр басмаканасынын башкы дирекциясынын билдирүүсүнө караганда, жүгүртүүдөгү 1 TL купюраларынын арткы бетине Аясофия мечитинин сүрөтү түшүрүлдү жана бүгүнкү күндөн баштап жүгүртүүгө берилди.

Коллекционерлер үчүн ачылышка карата 5.000 даана күмүш жана 10.000 коло эстелик монеталары чыгарылды.

Күмүш эстелик монеталарын 185 түрк лирасына, коло эстелик монеталарын 55 түрк лирасына сертификаттары менен бирге мекеменин Стамбулдагы Бешикташ районундагы башкы директорлук имаратындагы дүкөндөн жана интернет аркылуу мекеменин электрондук дүкөнүнөн сатып алууга болот.

Бул тууралуу казына жана каржы министри Берат Албайрак Твиттердеги баракчасынан бөлүшүп: «Дарпханебиз тарабынан чыгарылган #AyasofyaCamii атайын акчабыз менен тарыхка дагы бир жазуу калтыруудабыз»-деди.



Тектеш кабарлар