Дүйнөлүк экономикага карата божомолдор
Коронавирустун таасирлери
Дүйнөлүк банк, быйыл дүйнөлүк экономика 5,2 пайызга төмөндөйт деп божомолдоп жатат.
Дүйнөлүк банк «Глобалдуу экономикалык келечектер» отчетунун 2020-жылдын июнь айындагы санын жарыялады.
Отчетто коронавирус пандемиясынын таасирлери жана пандемияга каршы көрүлүп жаткан чаралар экономиканы олуттуу кыскарууга алып келээри жана дүйнөлүк экономика быйыл 5,2 пайызга кыскара тургандыгы божомолдонду.
Отчетто айтылгандай, бул абал Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки эң терең рецессияны чагылдырат.
Дүйнөлүк банк январь айындагы эсептөөлөрүндө быйыл дүйнөлүк экономика 2,5 пайызга өсөт деп божомолдогон.
Банктын отчетунда дүйнөлүк экономикалык өсүштүн 2021-жылга божомолу 2,6 пайыздан 4,2 пайызга көтөрүлдү.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.