Түркиянын февраль айынын экспорт көрсөткүчтөрү

2020-жылды ылдам баштаган соода февраль айында да өсүүсүн улантты.

1371277
Түркиянын февраль айынын экспорт көрсөткүчтөрү

Түркиянын февраль айынын экспорту өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 2,31 пайызга көп болду.

Соода министри Рухсар Пекжан, февраль айына байланыштуу тышкы соода көрсөткүчтөрүн жазуу түрүндө жарыялады.

Буга караганда 2020-жылды ылдам баштаган соода февраль айында да өсүүсүн улантты.

Февраль айынын экспорту өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 2,31 пайызга артып 14 миллиард 655 миллион доллар болду.

Тышкы соода көлөмү 6,34 пайызга артып 32 миллиард 306 миллион долларга жетти.

Февраль айында экспорттун импортко салыштырмалуу катнашы 83 пайызга жогорулады.

Февраль айында эң көп экспорттолгон товар моторлуу кургактык унаалары болду.

Эң көп экспорт жасалган өлкөлөр катары менен Германия, Ирак, Англия болду.

Түркия экспортчулар биримдигинин төрагасы Исмаил Гүлле, бул тема тууралуу билдирүүсүндө, «Бүткүл глобалдык жана аймактык белгисиздиктерге карабастан жаңы жылдын алгачкы айында Республика тарыхынын эң жогорку экспорт көлөмүнүн рекордуна жетишилсе, февраль айында да Республика тарыхынын эң жогорку февраль айы рекордуна жетишип, рекорддор деңгээлин андан жогорку баскычка жеткирүүдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар