Казакстандын Түркстан шаары дүйнөлүк туризмдин тартуучу борборуна айланууда

Бирдей ысым менен аталган борбор шаары болгон Түркстан, Казакстандын түштүгүндө Өзбекстан чек арасында орун алган.

1360393
Казакстандын Түркстан шаары дүйнөлүк туризмдин  тартуучу борборуна айланууда

Казакстан курулушу уланып жаткан жумуш борборлору, социалдык жана маданий комплекстери, беш жылдыздуу мейманканалары менен Түркстан шаарын дүйнөлүк туризмдин тартуучу борборуна айлантууну максаттап жатат.

Бирдей ысым менен аталган борбор шаары болгон Түркстан, Казакстандын түштүгүндө Өзбекстан чек арасында орун алган.

Тарыхы орто эсеп менен 1500 жыл мурдагыга жеткен шаарда 46 улуттан 260 миңден ашуун киши жашайт.

Шаардын 2018-жылы провинциянын борбор шаары болушу менен туризм жана экономикасында болуп жаткан ылдам өсүү көңүл бурууда.

Түрк дүйнөсүнүн руханий лидери Хожа Ахмет Йесевинин күмбөзү менен катар ыйык жана тарыхый бир топ эстеликти камтыган Түркстан, бул жагынан алганда туризмдин маанилүү багыттарынын арасында көрсөтүлгөн.

Түркстанга жыл сайын орто эсеп менен 1 миллион турист келүүдө. 2025-жылга дейре бул сандын 5 миллионго жеткирилиши көздөлүүдө.

Түркстан айрыкча Түрк дүйнөсүнүн илимпоздору жана искусство чеберлери жолугушкан ар түрдүү илимий жана маданий иш-чараларга кожоюндук кылууда.

Байыркы Жибек Жолунун багытында орун алган шаардан өткөн эл аралык темир жол жана авто жолдор Түркстандын стратегиялык маанисин арттырууда.



Тектеш кабарлар