Дүйнөлүк банк Африка өлкөлөрүнө кайтарымсыз каражат берет

Бул каражат кайсы тармактарга жумшалат?

1325569
Дүйнөлүк банк Африка өлкөлөрүнө кайтарымсыз каражат берет

Дүйнөлүк банк, Африканын өтө жакыр өлкөлөрү үчүн 53 миллиард долларлык кайтарымсыз каражат бөлөт.

Банктын интернет баракчасындагы билдирүүсүндө, Эл аралык өнүктүрүү агенттиги аркылуу бериле турчу 53 миллиард доллардын, Африкадагы өтө жакыр өлкөлөрдө гуманитардык муктаждыктардын камсыздалышы, экономикалык өнүгүү, табигый кырсык жана климаттык өзгөрүүгө каршы күрөшүү тармактарында жумшала тургандыгы белгиленди.

Билдирүүдө бул колдоонун жакыр Африка өлкөлөрүндөгү өнүктүрүү инвестицияларынын күчтөндүрүлүшүнө өбөлө түзөөрү айтылды. Ошондой эле бул каражаттын өзгөчө Африкадагы жарандык кагылышууларды токтотуу үчүн да колдонула тургандыгы кабарланды.



Тектеш кабарлар