Памуккалеге январь  - ноябрь айларында 2 миллион 496.652 жергиликтүү жана чет элдик турист келди

Бир топ турист «Клеопатра бассейини» деп аталган байыркы бассейинге түшүштү.

1323080
Памуккалеге январь  - ноябрь айларында 2 миллион 496.652 жергиликтүү жана чет элдик турист келди

Дүйнөгө белгилүү туристтик жер Памуккалеге январь  - ноябрь айларында 2 миллион 496.652 жергиликтүү жана чет элдик турист келди.

Травертиндери, шыпаалуу суулары жана байыркы шаарлары менен жылдын ар бир мезгилинде кызыгууларды тарткан Памуккале 2019 -  жылы көптөгөн туристти тосуп алды.

Дүйнөнүн төрт тарабынан келген чет элдиктер менен бирге эс алган жергиликтүү туристтер да кошулганда кээ кээде аймакта кадам таштай турган жер калган жок.

Тарыхый жана маданий калдыктары менен туристтерди өтмүшү 2000 жыл мурункусуна барган цивилизациянын издерине алып барган Памуккале бул жылы алтын жылын жашады. Келген коноктор апапак травертиндерде басып, термалдык сууларга түшүп, ысык аба шары жана парашют турларынын саясында аймактын теңдеши жок кооздуктарын абадан көрүү мүмкүнчүлүгүн табышты.

Бир топ турист «Клеопатра бассейини» деп аталган байыркы бассейинге түшүштү.

Түркиянын негизги туристтик борборлорунан Памуккаледе бул жылдын 11 айлык мезгилинде 156.123 турист ысык аба шар туруна катышты. Памуккалеге бул жылы январь айында 60. 152, февраль айында 72.55, март айында 137.566, апрель айында 150. 113, май айында 237.212, июнь айында 300.14, июль айында 370.26, август айында 405.20, сентябрь айында 340.587 жана ноябрь айында да 139. 500 турист келген. Ушундайча жылдын 11 айлык мезгилинде келген турист саны 2 миллион 496 миң 652ге жетти.

 



Тектеш кабарлар