Түркия салган оорукана Судан жана чөйрөдөгү өлкөлөргө шыпаа болууда

Түркиянын Хартумдагы элчиси Ирфан Незироглу, Түштүк Дарфур провинциясынын борбор шаары Ниялада Түркиянын ишке ашырган долбоорлорун өз ордунда иликтеди.

1321178
Түркия салган оорукана Судан жана чөйрөдөгү өлкөлөргө шыпаа болууда

Түркиянын Суданда курган ооруканасы чөйрөдөгү өлкөлөрдөн Чад жана Ливиядан дагы бейтаптарды кабыл алууда.

Түркиянын Хартумдагы элчиси Ирфан Незироглу, Түштүк Дарфур провинциясынын борбор шаары Ниялада Түркиянын ишке ашырган долбоорлорун өз ордунда иликтеди, билим берүү жана саламттык сактоо тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн карады.

Незироглу: «Ниялада ооруканабыз, Саламаттык сактоо жаатында кесиптик билим берүү мектебибиз, Түркиянын Маариф фондунун лицейи, бир жарандык коомдук уюмубуздун жетимдер үйү жана ошол эле убакта Түрк фирмасы иштеткен электр станциясы бар. Бул жерлерде иликтөө жасадык»,-деп айтты.

Нияладагы Түркия-Судан Билим берүү жана изилдөө ооруканасын дагы кыдыргандарын айткан Незироглу, оорукананын 2006-жылы президент Режеп Таййип Эрдогандын премьер-министрлиги убагында аймакка сапар жасаганда саламаттык сактоонун шарттарынын начарлыгы жана операциялардын абдан начар шарттарда ишке ашырылгандыгын көргөндөн кийин берген убадасы менен салдырганын жана 2014-жылы ишке киргенин айтты.

Түркия-Судан Билим берүү жана изилдөө ооруканасынын техникалык жабдуу жана адис доктур жагынан биринчи класстагы оорукана болгонун белгилеген Незироглу, оорукананын бир гана Нияладан эмес, берки провинциялардан, чөйрөдөгү өлкөлөрдөн Чад жана Ливиядан да бейтаптарды кабыл алганын айтты.



Тектеш кабарлар