Экспорттун көлөмү өстү

Соода министри ноябрь айынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1316185
Экспорттун көлөмү өстү

Соода министри Рухсар Пекжан, ноябрь айындагы экспорттун көлөмү 16 миллиард 214 миллион долларга жеткенин билдирди.

Рухсар Пекжан Стамбулда ноябрь айынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Пекжан: «Бүгүн түрк экономикасынын үчүнчү чейректе өскөндүгү жарыяланды, жылдын аягына чейин андан дагы жакшы көрсөткүчтөрдү көрөбүз»,-деди.

Соода министри: «Ноябрь айындагы экспортубуз 16 миллиард 214 миллион доллар болду. Бул сан 11 айдагы эң жогорку төртүнчү экспорт көлөмүбүз»,-деп айтты.

Пекжан: «Экспортубуз 11 айда өткөн жылдын тийиштүү мезгиле салыштырмалуу 1,77 пайыздык өсүү менен 165 миллиард 67 миллион долларга жетип, күчтүү жана оң өсүүсүн улантты. Тышкы соода таңкыстыгыбыз 11 айда 51,84 пайыздык төмөндөө менен 25 миллиард 162 миллион долларга кыскарган абалда»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар