Эрдоган:«АКШ алдыдагы мезгилге пландаган чара көрүүлөрүнө Түркияны кошпой турганын күтүүдөбүз»

Президент Эрдоган,  БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясына катышканы барган Нью-Йорк шаарында Түркия-АКШ ишкердик кеңеши (ТАИК) тарабынан уюштурулган 10-Түркияга инвестиция конференциясынын гала тамагында сөз сүйлөдү.

1277120
Эрдоган:«АКШ алдыдагы мезгилге пландаган чара көрүүлөрүнө Түркияны кошпой турганын күтүүдөбүз»

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын алдыбыздагы мезгилге пландаган чара көрүүлөрүнө Түркияны кошпой турганын күткөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган,  БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясына катышканы барган Нью-Йорк шаарында Түркия-АКШ ишкердик кеңеши (ТАИК) тарабынан уюштурулган 10-Түркияга инвестиция конференциясынын гала тамагында сөз сүйлөдү.

Жыйналыштагы эки өлкөнүн инвесторлорунун Түркия жана АКШнын ортосундагы учурдагы байланыштарды өнүктүрүү үчүн чоң эмгек жумшагандарын белгилеген Эрдоган, эки өлкөнүн да бул аракеттерден пайдаланганын айтты.

Соода согуштарынын белгисиздикти арттырганы менен катар өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн үстүндө оор кысымдарга себеп болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Дүйнөнүн эң чоң эки экономикасынын (АКШ-Кытай) жоопкерчилик аң-сезими менен кыймыл кыла турганына ишенүүдөбүз. Келишпестиктердин Дүйнөлүк Соода Уюмунун отурган мыйзамдарынын алкагында эң кыска мөөнөттө чечиле турганын үмүт кылуудабыз»,-деп айтты.

АКШнын Түркиянын эң көп экспорт жасаган бешинчи жана эң көп импорт жасаган төртүнчү өлкө абалында экенин белгилеген Эрдоган: «Соодасын күчтөндүргүсү келген өлкөлөр арасына бөгөт коюшпайт. АКШнын өлкөбүзгө карата ишке ашырууга койгон айрым чара көрүүлөргө кайрадан баа берилишин жана жоюлушун каалайбыз. Өзгөчө болот жана алюминий экспортубузга коюлган кошумча тарифтердин жана биздин жалпылаштырылган артыкчылык берүү тутуму алынып салынганы сыяктуу чечимдерден артка кайтылышы керек. Бул темада бир топ өлкөгө берилген артыкчылыктардан Түркия дагы пайдаланышы керек. Айрыкча АКШнын алдыбыздагы мезгилге пландаган чара көрүүлөрүнө Түркияны кошпой турганын күтүүдөбүз. Ал эмес биз баарынан мурда стратегиялык өнөктөшпүз»,-деп айтты.

2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракети боюнча жооптуу Фетхуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүнү уланта тургандарын белгилеген Эрдоган: «Алдыга койгон папкаларга толгон далилдерге карабастан ФЕТӨнүн корбашчысынын Пенсильванияда эч нерсе болбогонсуп жашоосун улантып жатышы улутубузду жана шейит үй-бүлөлөрүн ирээнжитүүдө, жаралоодо. Демократия жана эркиндиктер темасында талашылгыс өлкө болгон АКШнын демократияга кастык кылгандарга кучак жаюусу абдан чоң карама-каршылык болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар