Малатиядан 112 өлкөгө кургатылган өрүк экспорттолду

Андан 251 миллион 77 миң долларлык киреше түштү.

1254637
Малатиядан 112 өлкөгө кургатылган өрүк экспорттолду

 

Дүйнөдө өрүк кагы өндүрүшүнүн 85 пайызын камсыздаган Малатиядан 112 өлкөгө 99 миң 461 тонна кургатылган өрүк экспорттолду.

Орто эсеп менен 8 миллион түп өрүк дарагы бар Малатияда өстүрүлгөн өрүктөрдөн быйыл дагы дүйнөнүн ар тарабы даам татты.

«Антеп баклавасы» жана «Айдын инжиринен» кийин Европа Биримдиги тарабынан тандалган үчүнчү азык болгон «Малатия өрүгү» өткөн сезондо (2018-жылдын 1-августунан 2019-жылдын 31-июлуна чейин) 112 өлкөгө жөнөтүлдү.

Бул экспортун негизинде өлкөгө 251 миллион 77 миң долларлык киреше түштү.

Кургатылган өрүк эң көп АКШ, Франция, Германия, Бразилия жана Австралияга экспорттолду.

 


Этикеткалар: #Малатиядан , #өрүк кагы

Тектеш кабарлар