Кушадасына круиздик кеме менен туристтер келди

Кушадасында круиздик туризм

1253011
Кушадасына круиздик кеме менен туристтер келди

 

Айдындын Кушадасы районуна келген Нидерландия желектүү круиздик кемедеги 3 миң 100 турист туризмди жандандырды.

Эгей портуна эртең менен токтогон «Koningsdam» кемесинен түшкөн туристтерди элдик бий тобу тосуп алды.

Узундугу 296 метр, туурасы 38 метр жана салмагы 99 миң 500 гростон болгон ири кеме менен саякаттаган 3 миң 100 турист жана 1200 кызматкер портко келди.

Көпчүлүгүн америкалыктар түзгөн туристтердин бир бөлүгү автобустар менен Измирдин Селчук районундагы Байыркы Эфес шаары жана Мариям эне үйүнө барышса калгандары шаардын борборун кыдырышты.

Дүйнөнүн эң чоң кемелеринен болгон круиздердин районго төртүнчү жолу келип жатканын айткан Эгей портунун башкы директору Азиз Гүнгөр, кеменин сезондун аягына чейин дагы эки жолу каттаарын билдирди.   



Тектеш кабарлар