Байыркы Афродисиас шаары туристтерди өзүнө тартууда

Быйылкы максат 300 миң турист

1244246
Байыркы Афродисиас шаары туристтерди өзүнө тартууда

 

БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган жана өткөн жылы 150 миң туристти тосуп алган Айдындын Каражасу районундагы Байыркы Афродисиас шаарында быйыл туристтердин санында 100 пайыздык өсүү күтүлүүдө.

Бул тарыхый шаарда 1904-жылы башталган археологиялык казуулар уланып жатат.

Байыркы доордо сүйүүнүн жана сулуулуктун теңирчеси деп сыпатталган Афродисиаска арналган шаарлардын арасында эң белгилүүсү болгон Байыркы Афродисиас шаары, Рим доорунун эң мыкты айкелчилик борборлорунун бири болгондугу менен көңүлдөрдү бурууда.

Казууларда чыгарылган ири айкел жана таштары, дагы деле сакталып келген шаардык структуралары менен жыл сайын көп сандаган тарых жана искусство сүйүүчүлөрдү тосуп алууда.

Өзгөчө Рим доорун чагылдырган ири шаар бассейни, Тетрапилон каалгасы, Себастейон чиркөөсү, стадион, театр, мончо сыяктуу имараттар туристтерди өзүнө тартууда.

Бул жерди өткөн жылы орто эсеп менен 150 миң киши кыдырды.

Акыркы 3 жылда туристтердин санында чоң өсүү болду жана жыл сайын көбөйүп уланып жатат.

Афродисиастын өзгөчө ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилиши менен туристтердин санында ылдам өсүү болду. Туристтердин саны быйыл рекорд коюп 300 миңге жетээри күтүлүп жатат.

 



Тектеш кабарлар