Жан-Клод Ван Дамм Түркияга келди

Атактуу актер Бодрумда...

1238977
Жан-Клод Ван Дамм Түркияга келди

 

Дүйнөгө таанымал актер Жан-Клод Ван Дамм Түркиянын Мугла облусунун Бодрум районуна келди.

Эс алуу үчүн келгендиги айтылган Ван Дамм, Милас-Бодрум аэропортунан атайын унаа менен тосулуп алынды.

Атактуу актер ал жердеги полиция кызматкерлери жана жооптуу кызматтагылар менен фотосүрөткө түшүп тамашалашты.

Жылуу мамилеси менен көңүлдөрдү бурган Жан Клод Ван Дамм, үч ай мурда да Бодрумга келгендигин жана районду абдан жактырып калганын айтты.

Кала турчу отелге жөнөгөн Ван Даммдын эс алуу үчүн жана Бодрумдан люкс яхта сатып алуу үчүн да келгендиги айтылууда.

Мурунку келгенинде Бодрумду көп кыдырууга мүмкүнчүлүгү болбогон атактуу актердун, бул ирет Бодрумдун баардык жерин кыдыра тургандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар