Түркия жылдын алгачкы 4 айында 8 миллион туристти тосуп алды

Маданият жана туризм министрлигинин чек арадан кирип-чыгуу статистикаларына караганда, туризмде апрель айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24,01 пайызга өсүү көрүнгөнү маалымдалды.

1212299
Түркия жылдын алгачкы 4 айында 8 миллион туристти тосуп алды

Түркия, жылдын алгачкы 4  айында былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,22 пайызга өсүү менен 8 миллион 735 миң 268 чет элдик туристти тосуп алды.

Маданият жана туризм министрлигинин чек арадан кирип-чыгуу статистикаларына караганда, туризмде апрель айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24,01 пайызга өсүү көрүнгөнү маалымдалды.

Туризмде жылдын эң жогорку өсүүсү апрель айында болгонуна басым жасалган жарыяда, бул айда Түркияга 3 миллион 293 миң 176 чет элдик турист келгени белгиленди.

Жарыяда, «Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөр тизмелөөсүндө болсо Германия жана Орусиядан келген турист саны былтыркы жылга караганда чоң өсүүнү көрсөттү. Германияда өсүү 50 пайызга жетсе, Орусияда 35 пайызды түздү. Андан кийин эң көп турист келген өлкө Болгария болсо, төртүнчү Англия, андан кийин Грузия болду»,делди.

 Жарыяга караганда жылдын алгачкы 4 айында Германиядан келген турист санында 19,63 пайызга өсүү болуп 803 миң 483 кишиге жетти.

Германиядан кийин Болгария орун алып келген турист саны 738 миң 784 киши болду. Бул 27,45 пайызга өсүү дегенди берет. Орусия болсо бул мезгилде 35,46 пайыздык өсүүнү көрсөтүп 710 миң 293 турист жөнөттү.

Орусиядан кийин Иран жана Грузиядан келген туристтер ээледи.

Түркияга келген чет элдиктердин эң көп кирген чек ара капкалары караштуу болгон облустар катары менен Стамбул, Анталья жана Эдирне деп белгиленди.



Тектеш кабарлар