«Turkish Cargo» Португа каттамдарын баштады

«Turkish Cargo» компаниясы Португалиянын порт шаары Портуну учуу түйүнүнө кошту.

1198817
«Turkish Cargo» Португа каттамдарын баштады

Түрк аба жолдорунун жүк ташуучу «Turkish Cargo» компаниясы Португалиянын порт шаары Портуну учуу түйүнүнө кошту.

Түрк аба жолдорунун Басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, «Turkish Cargo» Португалиянын эң чоң экинчи шаары жана эң маанилүү өнөр жай аймагы болгон Портуну, түз катталчу жерлердин арасына кошту.

Порту каттамдары, «A330-200 F» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак менен дүйшөмбү күндөрү, Стамбул-Мадрид-Порту-Стамбулга карай ишке ашырат.

«Turkish Cargo» компаниясы учуу түйүнүнө кошкон Порту, Европанын эң негизги соодалык портторунун бири болуп эсептелет.

Түштүк-батыш Европада орун алган Портуда, Түндүк Атлантика океанынын жээгинде, тарыхы б.з.ч 4-кылымга чейин созулган маанилүү соода порттору бар.

Португалияга атын берген жана Европанын эң тарыхый шаарларынын бири болгон Портуда 1.8 миллион киши жашайт.



Тектеш кабарлар