Түркиянын анчоус экспортунда алдыда Франция

Франция бул мезгилде эң көп анчоус экспорттолгон өлкө болду.

1192866
Түркиянын анчоус экспортунда алдыда Франция

 Түркиядан балык уулоо сезонунда 18 өлкөгө 4 миллион 984 миң 364 долларлык анчоус  экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматтарына караганда 2018 -  жылдын  1 -  сентябры менен 2019 -  жылдын 15 -  апрелин камтыган аң уулоо сезонунда 18 өлкөгө 1172 тонна анчоус сатылды.

Франция бул мезгилде эң көп анчоус экспорттолгон өлкө болду. Бул өлкөгө 1 миллион 519 миң 367 долларга 285 тонна анчоус жиберилди.

Франциядан кийин 232 тонна 1 миллион 384 миң 102 доллар менен Бельгия жана 266 тонна анчоус 684 миң 39 долларлык экспорт менен Германия келди. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде экспорт жасала албаган Австралия, Грузия, Греция, Катар жана Иракка да анчоус экспорттолду.

Анчоус экспорттоло турган өлкөлөрдүн саны  алдыбыздагы сезондо көбөйөрү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар