Турак жай соодасы өстү

Түркиянын статистика мекемеси, турак жай көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1185048
Турак жай соодасы өстү

Түркияда чет өлкөлүктөргө турак жай соодасы, март айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 71,3 пайыз өсүп 3 миң 129 болду.

Түркиянын статистика мекемеси, март айынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда чет өлкөлүктөргө сатылган турак жай боюнча биринчи орунду 1 миң 520 үй менен Стамбул ээлесе, андан соң 626 менен Анталья, 173 менен Анкара, 121 менен Бурса жана 110 менен Ялова турат.

Март айында Ирак жарандары Түркиядан 548, Иран жарандары 334, Сауд Арабия жарандары 189, Орусия жарандары 156, Ооганстан жарандары 150 турак жай сатып алышты.


Этикеткалар: #турак жай , #Түркиянын

Тектеш кабарлар