Түрк фирмалары кымбат баалуу автомобиль долбоорлорун Женевада кардарлардын назарына сунуштайт

Эң маанилүү жана престиждүү автомобиль жарманкелринен бири болуп кабыл алынган 89-Женева автомобиль жарманкеси каалгаларын медиа мүчөлөрүнө ачты.

1157578
Түрк фирмалары кымбат баалуу автомобиль долбоорлорун Женевада кардарлардын назарына сунуштайт

Түрк фирмалары өткөн жылдан кийин быйыл да кымбат баалуу автомобиль долбоорлорун Женева автомобиль жарманкесинде кардарлардын назарына сунуштайт.

Эң маанилүү жана престиждүү автомобиль жарманкелринен бири болуп кабыл алынган 89-Женева автомобиль жарманкеси каалгаларын медиа мүчөлөрүнө ачты.

Швейцариянын Женева шаарындагы Палэкспо көргөзмө борборунда өткөн жана миңге жакын автомобиль көрсөтүлгөн жарманкенин, бүгүн жана эртең дүйнө жүзүнөн орто эсеп менен 10 миң журналистке кожоюндук кылышы күтүлүүдө.

Эң ылдам жана эң кымбат автомобилдер көрүүчүгө чыккан 110 миң чарчы метрдик жарманке аянтында фирмалар 220 павильондо эң акыркы технологиялык өндүрүмдөрүн таанытуу мүмкүнчүлүгүн табышат.



Тектеш кабарлар