Бул жылдын январь айында чет элдиктерге эң көп турак жай сатылды

Чет элдиктерге турак жай сатууда ирактыктар биринчи орунда турат.

1147739
Бул жылдын январь айында чет элдиктерге эң көп турак жай сатылды

Жылдын биринчи айында чет элдиктер алган 3 миң 168 турак жай чет элдиктерге турак жай сатууда  тарыхынын мыкты январь айынын саны катары каттоого өттү.

Түркия Статистика Мекемесинин маалыматтарына караганда январь айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 82 пайыздык өсүү менен 3 миң 168 турак жай чет элдикке сатылды. Өткөн жылдын январь айында чет элдиктерге 1742 турак жай сатылган.

Түркияда турак жай ээси болгон чет элдиктердин улутуна каралганда ирактыктар алдыңкылыгын сактады. Өткөн жылы 8 миң 205 турак жай сатып алган ирактыктар январь айында да 605 турак жайдын ээси болду. Ирактыктар өткөн жылдын биринчи айында 272 турак жай сатып алган.

Ирактыктардан кийин 305 турак жай менен ирандыктар, 195 турак жай менен орусиялыктар, 191 турак жай менен афнастандыктар жана 151 турак жай менен иорданиялыктар турат.

 

 



Тектеш кабарлар