Тоок жана жумуртка экспорту

Түркиянын тоок жана жумуртка экспорту январь  -  ноябрь айларында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 12 пайызга өсүп 917 миллион долларга жетти.

1111472
Тоок жана жумуртка экспорту

Түркиянын тоок жана жумуртка экспорту январь  -  ноябрь айларында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 12 пайызга өсүп 917 миллион долларга жетти.

Эгей экспортчулар биримдигинин маалыматтарына караганда бул жылдын январь  - ноябрь айларында жасалган тоок экспорту 2017 -  жылдын ошол эле айларына караганда10 пайызга өсүп 523 миллион долларга чыкты.

Тоок экспортунда биринчи орунду 299 миллион доллар менен Ирак алып, Ирактан кийин 55 миллион доллар менен Ливия жана 40 миллион доллар менен Гонконг келди.

Түркия өткөн жылы кирген Япония базарында болсо 1, 5 миллион долларлык сатууну ишке ашырды.

Жумуртка экспорту да  бул мезгилде өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 17 пайызга артып 336 миллион доллардан 394 миллион долларга жетти. Жумуртка экспортунда биринчи орунда 281 миллион доллар менен Ирак турса, 37 миллион доллар менен Сауд Арабия экинчи, 21 миллион доллар менен Иран үчүнчү болду. Бул мезгилде тоок жана жумуртка экспорту жалпы 917 миллион долларга жогорулады.

 

 

 



Тектеш кабарлар