Түркия иш алып баруу жаатындагы реформасы менен 17 баскычка жогорулады
Дүйнөлүк банк 190 өлкөнү иш алып баруу чөйрөсүн жөнгө салуу жаатында изилдеп «Иш алып баруу жеңилдиги-2019» отчетун жарыялады.
Дүйнөдөгү иш алып баруу чөйрөсүн жакшыртуу үчүн жасалган реформалардын саны 314кө жетип, рекордду багындырды.
Дүйнөлүк банк 190 өлкөнү иш алып баруу чөйрөсүн жөнгө салуу жаатында изилдеп «Иш алып баруу жеңилдиги-2019» отчетун жарыялады.
2017-жылдын июнунан 2018-жылдын майына чейинки мезгилди камтыган отчетке караганда, дүйнөдө 128 өкмөт тарабынан ушул мезгилдин ичинде жасалган реформа саны 314кө жетип, бардык убактардын эң жогорку деңгээлине чыкты.
Дүйнөлүк банк тарабынан 2003-жылдан бери даярдалган отчетто, иш алып баруу жеңилдиги жагынан алдыңкы 10го кирген өлкөлөр Жаңы Зеландия, Сингапур, Дания, Гонконг, Кытай, Түштүк Корея, Грузия, Норвегия, АКШ, Англия жана Македония болду.
Отчетто иш алып баруу жеңилдиги жагынан эң чоң жылышка жетишкен өлкөлөрдүн Ооганстан, Жибути, Азербайжан, Индия, Того, Кения, Кот-д'Ивуар, Түркия жана Руанда болгону маалымдалды.
Буга караганда 2017-жылдын июнунан 2018-жылдын майына чейинки мезгилде жети реформаны ишке ашырган Түркия мындан мурдагы отчетко салыштырмалуу 17 баскычка жогорулап 43-орунга жогорулады.
Отчетто Түркиянын иш куруу, насыя алуу, курулуш уруксатын алуу, салык төлөө, чек аранын ары жагына соода, келишимди ишке ашыруу жана банкрот процедуралары темаларындагы реформалары менен иш алып баруу чөйрөсүн жакшыртканына басым жасалды.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.