Япония учуучу унаа чыгарат

Долбоорго карата иш аракеттер башталды.

1037699
Япония учуучу унаа чыгарат

Япония 2020-жылы чыгарууну пландаган учуучу унаа долбоорунун иш аракеттерин баштады.

Өлкөнүн басма сөзүндөгү кабарларга караганда, Япониянын учуучу унаа долбоору үчүн Uber, Japan Airlines, Airbus, Boeing, NEC, Toyota, ANA жана Yamato компаниялары да арасында болгон 20 ишкана жол картасын даярдайт.

Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлиги, учуучу унаа долбоору үчүн келээрки жылы аккумулятор, мотор жана берки шаймандардын өндүрүлүшүнө колдоо көрсөтүү максатында менчик секторго 40,4 миллион долларлык бюджет бөлдү.

Бул долбоордун алкагында учуучу унаанын 2020-жылы рынокко чыгарылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар