Түркиянын Борбордук банкы соода балансын жарыялады

Борбордук банктын көрсөткүчтөрүндө эсеп-кысап дефицити былтыркы жылдын июнь айына салыштырмалуу 818 миллион долларга азайды.

1029799
Түркиянын Борбордук банкы соода балансын жарыялады

Түркиянын Борбордук банкы июнь айы боюнча соода балансынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Түркиянын эсеп-кысап процедуралары июнь айында 2 миллиард 973 миллион доллар болду.

Борбордук банктын көрсөткүчтөрүндө эсеп-кысап дефицити былтыркы жылдын июнь айына салыштырмалуу 818 миллион долларга азайды.

Мунун жыйынтыгында 12 айлык эсеп-кысап процедураларынын кемчилиги 57 миллиард 386 миллион долларга түштү.

Тышкы соода кемчилиги болсо былтыркы жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 228 миллион долларга азайып 4 миллиард 388 миллион доллар көлөмүндө ишке ашты.



Тектеш кабарлар