Фейсбуктагы финансылык жоготуу
Социалдык медиа дөө-шаасы тарыхынын эң көп финансылык төмөндөөсүнө дуушар болду.
Социалдык медиа түйүнү Фейсбук, үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегиндеги чыгымын жарыялоосунан кийин 150 миллиард долларын жоготту.
Социалдык медиа дөө-шаасы тарыхынын эң көп финансылык төмөндөөсүнө дуушар болду.
Нью-Йорк биржасынын жабылышынан кийин ишке ашкан чектелген процедуарларда Фейсбуктун акциялары рекорддук деңгээлде төмөндөдү.
Акциялардын 21 пайыз төмөндөшү менен фирма 150 миллиард долларга жакын баа жоготту.
Бул төмөндөөнүн себептеринин арасында фирманын Европа аймагында, активдүү 1 миллион күндүк колдонуучусунун социалдык медиа платформасын таштоосу жана арткан чыгымдары көрсөтүлдү.
Бул абал Фейсбуктун куруучусу Марк Цукербергдин капиталында да олуттуу төмөндөөгө себепчи болуду.
Цукербергдин капиталы 20 миллиард долларга азайды.
Ушундайча жаш миллиардердин жеке капиталы 63,3 миллиард долларга азайган болду.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.