Кападокияга келген турист саны

Бул жылдын июнь айындагы турист саны 250 миң 960 деп белгиленди.

1012012
Кападокияга келген турист саны

Түркиянын маданият, тарых жана табигый туризиминде алдыңкы борборлордун бирөөсү Кападокия турист саны жактан бул жылы мыкты жылын жашап жатат.

Пери морулары, табигый аскалар менен капталган өрөөндөрү, жер астындагы шаарлары, аскалардан оюлуп жасалган манастр жана ысык аба шар турлары менен табият, маданият жана тарых туризими менен белгилүү Кападокияга бул жылдын 6 айында 1 миллион 236 миң 355 турист келди.

Дүйнөнүн төрт тарабынан келген туристти тарткан аймакты бул жылдын январь айында 102 миң 540, февраль айында 110 миң 289, мартта 172 миң 33, апрелде 320 миң 287,май айында 280 миң 246, июнь айында болсо 250 миң 960 турист кыдырды.

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда Кападокия январь  - июнь мезгилинде 2016 -  жылы 672 миң 730, 2017 -  жылы 908 миң 294 туристти тосуп алган.

Бул жылдын биринчи жарымында Кападокияга келген турист санында 2016 -  жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда 83 пайыз, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине караганда 36 пайызга өсүү болду.

Бул жылдын июнь айындагы турист саны 250 миң 960 деп белгиленди.



Тектеш кабарлар